Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Баракелде

Шайлоону өткөрүүгө көмөктөшкөн штабды Толкунбек Абдыгулов жетектейт

Turmush -  Президенттик шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүдө шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча Республикалык штабдын төрагасынын милдеттерин биринчи вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов аткарат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.  

Маалыматка караганда, тиешелүү буйрукка премьер-министр Сапар Исаков кол койду. Ошондой эле, өкмөттүн аппаратынын жетекчиси Нурханбек Момуналиев Республикалык штабдын жетекчисинин орун басары, өкмөттүн аппаратынын эл аралык кызматташуу боюнча бөлүмүнүн башчысы Айбек Айдарбеков Республикалык штабдын мүчөсү болуп дайындалды.  

Буга чейин Республикалык штабга жол кырсыктан 38 жашында көз жумган вице-премьер-министр Темир Жумакадыров жетекчилик кылып жаткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 458
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×