Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Баракелде

К.Исаевдин иши: УКМК активист Мелис Аспековду кармады

Turmush -  Депутат Канат Исаевге карата козголгон кылмыш иштин алкагында УКМК тарабынан активист Мелис Аспеков кармалды. Бул тууралуу түзүмдөн билдиришти.

Маалыматка караганда, «Мекенчил» саясий партиясынын мүчөсү Мелис Аспеков бир катар адамдардын кызыкчылыгы үчүн аракет кылып, президенттик шайлоонун жыйынтыгы жарыялангандан кийин бийликти басып алуу максатында башка жарандар менен Кыргызстандагы жагдайды туруксуздаштыруу боюнча планга катышкан.

«М.Аспеков К.Исаев жана «Республика» партиясынын башка тарапташтары менен байланышта болуп, президенттик шайлоо учурунда жана андан кийин массалык баш аламандык уюштуруу үчүн тарапташтарын чогултууга аракет кылган», - деп айтылат маалыматта.

УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы 9-октябрда КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 27-беренеси (массалык баш аламандыкка даярдануу) жана 195-беренеси (бийликти күч менен басып алууга даярдануу) менен кылмыш иш козгоду.

М.Аспеков ошол эле күнү кармалып, учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Окуя тууралуу:

Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаев («Кыргызстан») УКМКнын тергөө абагына (СИЗОдогу) камалды. Бул маалымат АКИpress агенттигине булактар аркылуу маалым болду.

Учурда депутатка тиешелүү тергөө иштери улантылып жатат. К.Исаев Башкы прокуратура тарабынан козголгон кылмыш иштин алкагында 30-сентябрда камакка алынган. Кылмыш иш бийликти күч менен тартып алуу жана массалык баш аламандык уюштурууга даярдануу фактысы боюнча козголгон.

Кылмыш иштеги материалдарда массалык баш аламандык уюштурууга аркет көрүү максатында уюшкан кылмыштуу топтордун өкүлдөрүнө ири суммадагы акча берилгени айтылган. Буга байланыштуу К.Исаевдин катышуусундагы кафедеги жолугушуу учурунда тартылды делген видеотасма да тарады.
 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1078
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×