Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Баракелде

Б.Төрөбаев президенттик кызматка жарыштан четтетилди

Turmush -  Бакыт Төрөбаев президенттик кызматка жарыштан четтетилди. Бул тууралуу АКИpress агенттигине БШКдан маалымдашты.

Маалым болгондой, буга чейин Бакыт Төрөбаев БШКга кайрылып, президенттикке талапкерлигин алууну суранган.

«Талапкер Б.Төрөбаевдин билдирүүсү БШКга 6-октябрда түшкөн. 7-октябрдагы отурумда ал арыз канааттандырылды», - деп билдирди БШК.

Окуя тууралуу:

АКИpress агенттигине талапкердин штабынан билдиришкендей, Б.Төрөбаев талапкерликтен баш тартуу боюнча арызды 6-октябрда жазды. Ага чейин президенттикке талапкерликтен Камчыбек Ташиев (№11) баш тарткан болчу.

Учурда 11 талапкер бар:

- Эрнис Зарлыков (№1);

- Токтайым Үмөталиева (№2);

- Темир Сариев (№3);

- Улукбек Кочкоров (№4);

- Таалатбек Масадыков (№5);

- Өмүрбек Бабанов (№6);

- Арстанбек Абдылдаев (№7);

- Азимбек Бекназаров (№8);

- Сооронбай Жээнбеков (№9);

- Адахан Мадумаров (№10);

- Арсланбек Малиев (№12).

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 745
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
17:07,   23.10.2017   ( 4 адам окуп жатат)
×