Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Баракелде

А.Атамбаев Сочиге иш сапары менен барбай калды

Turmush -  Президент Алмазбек Атамбаев Сочи шаарына (Россия) пландалган расмий иш сапар менен барбай калды. Анын 10-11-октябрда өтө турган Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын жана Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумуна катышуусу пландалып жаткан.

Өлкө башчынын басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, ал өлкөдө болуп, президенттик шайлоого байланыштуу кырдаалды өзү көзөмөлгө алат. Мындай чечим шайлоодо айрым талапкерлерге чет өлкөлөрдөгү саясатчылардын колдоо көрсөтүүсү жана баш аламандык уюштурууга даярдык көрүү тууралуу фактыларга байланыштуу чыгарылган.

Президенттин тапшырмасы менен аталган отурумга Кыргызстандан премьер-министр Сапар Исаков жетектеген делегация барат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 669
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×