Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Баракелде

Некролог — Темир Жумакадыров

Turmush -  Бүгүн, 7-октябрда 38 жаш курагында Талас облусуна кезектеги кызматтык иш сапары менен бара жатып кабылган жол кырсыктан улам КРнын вице-премьер-министри Темир Курмангазиевич Жумакадыров каза болду.

Темир Жумакадыров 1979-жылдын 4-августунда Ысык-Көл облусунун Рыбачье шаарында туулган. Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинде эл аралык мамилелер адистиги боюнча билим алган.

Эмгек таржымалын БУУнун Өнүктүрүү Программасынын Нарын жана Чүй облустары боюнча улуттук волонтеру катары баштаган. Андан соң КМУУнун эл аралык билим берүү программаларын интеграциялоо институтунда окутуучу, эл аралык кызматташуу жана инвестициялар департаментинин башчысы болуп эмгектенген. Кыска мезгил Президенттин Катчылыгынын эксперттик-аналитикалык камсыздоо кызматынын эксперти болуп иштеген. 2013-жылы КРнын Коргоо кеңешинин катчысынын орун басарлык кызматын ээлеген. Андан соң Президенттик аппараттын жетекчиси кызматына дайындалган.

2015-жылдан тартып КРнын Коопсуздук кеңешинин катчысы. Ал мамлекеттик органдарда коррупциялык системаларды демонтаждоо боюнча жумушчу топту жетектеген. 2017-жылдын 26-августунан тартып КРнын вице-премьер-министри болуп иштеп келди. Коргоо, коомдук коопсуздук, укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөш жүргүзүү маселелерин көзөмөлдөгөн. 25-сентябрда Темир Жумакадыров КРнын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча республикалык штабдын жетекчилигине дайындалган. Анын өмүрү кызматтык милдетин аткаруу учурунда кыйылды.

Темир Жумакадыров демилгелүү, билимдүү адам эле. Ушул касиеттери чанда кездешчү адамгерчилик менен айкалышып турчу. Анын саясий жана мамлекеттик ишмердиги жаңы гана башталган. Ал бардык күчүн, билимин жана жөндөмүн Кыргызстанда калыс жана демократиялуу коом, эркин адамдардын өлкөсүн курууга жумшаган. Темир Жумакадыров жаштыгына карабастан эгемендүү Кыргызстандын өнүгүшүнө олуттуу салым кошту. Эмгеги үчүн «Даңк» ордени менен сыйланган.

Темир Жумакадыров кыска, бирок жаркын өмүр сүрдү. Ал чынчыл, адамгерчиликтүү жана ыймандуу инсан болчу. Кыргызстандагы мамлекеттик башкарууга аралашкан жаш муундун көрүнүктүү өкүлү эле. Темирдин басып өткөн жолу жана ишмердиги элине, мекенине берилип кызмат кылуунун үлгүсү болуп саналат. Жалпы өлкөбүз үчүн бул орду толгус жоготуу. Мамлекеттик ишмер, Кыргызстандын татыктуу уулу Темир Жумакадыровдун жаркын элеси жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат. Темир Жумакадыровдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз. Ушул кайгылуу, оор мезгилде биз бардыгыбыз сиздер менен биргебиз.

Атамбаев А.Ш., Турсунбеков Ч.А., Исаков С.Ж., Токбаева А.А., Мамыров Э.Т., Дуйшенбиев Р.С., Усенов А.Т., Разаков Ж.П., Абулгазиев М.Д., Ниязов Ф.А., Илмиянов И.С., Сариева Э.К., Карыбаева М.А., Абдыгулов Т.С., Султанбекова Ч.А., Зилалиев Д.Т., Жолдубаева И.Ы., Марипов У.А., Шайлдабекова Н.К., Кулматов К.К., Мадумаров А.К., Момуналиев Н.С., Абдылдаев Э.Б., Касымалиев А.А., Ахметов У.Т., Исраилов У.Дж., Боронов К.А., Новиков А.П., Мурашев Н.М., Калилов Ж., Батыралиев Т.А., Кудайбердиева Г.К., Казаков Т.Т., Исакунова Т.Б., Сегизбаев А.К., Рыскулов У.Д., Абасканов Н.Э., Касымкулов М.А., Кадыралиев А.Дж., Карасартов А.О., Шаршеев У.З., Коеналиев Т.К., Субакожоева А.М., Исмаилов А.К., Арабаев М. М., Ахметова Н.М., Супаналиев Б.Т., Субанов С.А., Абдрахманова Ч.С., Жапаров Т.Т., Ибраимов А.С., Кадырбаев А.Т., Жылкыбаев У. К., Сарыбашов Т.Н., Сатыбалдиев К.У., Халмурзаев А.А., Кайыпов А.К., Кенекеев Д.А., Кудайбергенов Б.Ж., Насыров А.Т., Карыпбеков И.М., Ажиев Т.К., Мамбетов А.И.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1805
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×