Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Баракелде

Фото - Бишкекте Т.Жумакадыровдун жардамчысы Н.Жамгырчиев акыркы сапарга узатылууда

Turmush -  Жол кырсыктан каза болгон вице-премьер-министр Темир Жумакадыровдун жардамчысы Нурлан Жамгырчиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн, 8-октябрда Бишкек шаарынын Көк-Жар конушунда өттү.

помощник

Маркум менен коштошууга Президенттик аппараттын кызматкерлери, кесиптештери, жолдоштору, жакындары келишти.

32 жаштагы Нурлан Жамгырчиевдин артында үй-бүлөсү калды. Кол күрөш боюнча спорттун чебери болгон Н.Жамгырчиев орто мектепти артыкчылык аттестат жана Кыргыз мамлекеттик юридикалык академияны артыкчылык диплому менен бүтүрүп, эмгек жолун 2009-жылы Финансы полициясында баштаган. 2013-жылы Башкы прокуратурага которулуп, үлгүлүү эмгеги үчүн 2015-жылдан тарта Коопсуздук кеңешинин катчылыгында эмгектенип баштаган.

2017-жылдын 30-августунда вице-премьер-министр Темир Жумакадыровдун жардамчысы болуп дайындалган.

«Нурлан Жамгырчиев өзүн дисциплинардуу жана жоопкерчиликтүү кызматкер катары көрсөттү. Ал мамлекетке зыян келтирүү жана пара алууга байланыштуу иштерди өтө кылдаттык менен иликтечү. Жумуштагы эң жакшы жетишкендиктер үчүн ведомстволордун бир катар сыйлыктарына татыган», - деп эскеришет кесиптештери.

Буга чейин укук коргоо органдарынан билдиришкендей, 7-октябрда эртең менен саат 7:30 чамасында жол кырсыктан вице-премьер-министр Темир Жумакадыров жана анын жардамчысы Нурлан Жамгырчиев, айдоочусу Нурбек Муканов каза болгон. Аталган окуя Москва районунун Садовое айылындагы Бишкек—Кара-Балта унаа жолунун 36-чакырымында болду.

Вице-премьердин унаасы чиркегичи бар «КамАЗга» урунган. Анын кесепетинен 3 адам окуя болгон жерде каза болуп, жүк ташуучу унаанын айдоочусу менен жардамчысы ооруканага жеткирилген.

Буга чейин Темир Жумакадыров Шайлоолорду өткөрүү боюнча республикалык штабдын жетекчиси болуп дайындалган. Ал шайлоо участкаларынын даярдыгын текшерүү үчүн Таласка бара жатканда жол кырсыгына кабылды.

Окуяга күбө болгондор: «Багымдат намазы учурунда дөңгөлөктүн катуу жарылган үнү угулду. Сырткы чыксак буудай жүктөгөн «КамАЗ» «Тойота Ленд Крузер» үлгүсүндөгү унааны жол жээкке чейин 20-30 метр сүрүп, бир бакты, электр мамысын сындырып токтошуптур», - деп билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 42558
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×