Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Баракелде

Темир сыяктуу каза болуп эле калбасам алдыдагы шайлоо таза өтөт, - А.Атамбаев

Turmush -  Мен Темир сыяктуу каза болуп эле калбасам алдыдагы шайлоо таза өтүшү бардык аракетимди жумшайм. Бул тууралуу бүгүн, 7-октябрда мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу учурунда президент Алмазбек Атамбаев билдирди.

«Бизге ким дос, ким дос эмес экендигин, мамлекеттик депортаменттин акчасын актап жаткан демократтар керек эместигин түшүнүшүбүз керек. Биз көп азап тарттып, биздин мыкты жарандарыбыз каза болду. Мен 6 жылда жарандардын ишенимине ээ болдум деп үмүт кылам. Алар сырткы тараптарды эмес, өздөрүнүн президентин угат деп үмүт кылам», - деди президент.

А.Атамбаев буга катар эле өлкөдө туруктуулук жана тынчтык керектигин белгиледи.

Буга чейин бүгүн, 7-октябрда эртең менен саат 7:30 чамасында жол транспорт кырсыгынан вице-премьер-министр Темир Жумакадыров көз жумгандыгы кабарланды.

Маалым болгондой, кырсыктан аны менен кошо жардамчысы, айдоочусу да каза болду. Аталган окуя Москва районунун Садовое айылындагы Бишкек—Кара-Балта унаа жолунун 36-чакырымында болгон. Вице-премьердин унаасы чиркегичи бар «КамАЗга» урунган. Анын кесепетинен 3 адам каза болуп, жүк ташуучу унаанын айдоочусу ооруканага жеткирилди.

Буга чейин Темир Жумакадыров Шайлоолорду өткөрүү боюнча республикалык штабдын жетекчиси болуп дайындалган. Ал шайлоо участкаларынын даярдыгын текшерүү үчүн Таласка бара жаткан.

Бийлик вице-премьер-министрдин каза болгондугун тастыктады. Анда «Тойота Ландкрузер» менен «КамАЗ» кагышкан. «Тойота Ландкрузердин» ичинде вице-премьер-министр Жумакадыров Т.К., жардамчысы Жамгырчиев Нурлан Эрикович жана айдоочусу болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1200
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
17:07,   23.10.2017   ( 4 адам окуп жатат)
×