Депутат Олег Суховдун сүрөттөрү Facebook тармагына жарыяланган. Аны жарыялагандар депутат өзүнүн жылаңач денесинен башка кылган иштери менен айырмаланышы керектигин билдиришкен. Кээ бирөөлөр Суховду коргоп, анын дене түзүлүшү мыкты формада экендигин белгилешти.
Депутат өзү сүрөттөр жеке архиви үчүн тартылгандыгын, аны мурдагы пиарчы кызматкери жарыялап жибергендигин билдирди.
Олег Сухов Москванын Нагорный районунда муниципалдык депутат.