Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Баракелде

Видео — Бишкекте милициянын подполковниги пара алып жаткан жеринен кармалды

Turmush -  Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын жана ИИМдин ички иликтөө кызматынын кызматкерлери Бишкек ШИИБдин коомдук коопсуздук кызматынын ага инспектору, милициянын подполковниги К.Э.ни пара алып жаткан жеринен кармады. Бул тууралуу бүгүн, 6-октябрда аталган түзүмдүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, алар буга чейин Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренеси (опузалап пара талап кылуу) боюнча козголгон кылмыш иштин негизинде ыкчам-иликтөө иш-чараларын өткөрдү. Анын жүрүшүндө К.Э. курал колдонууга уруксат кагазын берүү үчүн 8 миң сом акча каражатын алып жатканда кармалды.

Милициянын кызматкери К.Э. буга чейин 100 доллар жана 1 миң сом алгандыгы аныкталды. Учурда Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы ушуга окшош фактыларды аныктоо боюнча иш-чараларды жүргүзүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5820
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×