Бөлүмдөр
Жума, 22-сентябрь
68.5    82.24    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

А.Тыныбекова Ашхабаддагы Азия оюндарына катышат

Turmush -  Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өтө турган жабык имараттагы Азия оюндарына эркин күрөш боюнча Кыргызстандан 5 беш балбан кыз катышат.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, бешинчи Азия оюндары 17-сентябрдан 27-сентябрга чейин өтөт. Ал эми айымдар арасында эркин күрөш боюнча таймаш 24-25-сентябрь күндөрү болот.

Аталган оюндарга Кыргызстандан жалпы 153 спортчу катышып, спорттун 17 түрү боюнча таймашат. Жабык имараттагы Азия оюндары 2003-жылдан бери өткөрүлүп келет. Ал эми, 2009-жылдан баштап аталган таймашка күрөш искусствосу да кошулган.

Эркин күрөш боюнча Кыргызстандын айымдар курама командасы:

48 кг чейин — Саяна Баизова

55 кг чейин — Назира Марсбек кызы

58 кг чейин — Айсулуу Тыныбекова

69 кг чейин — Мээрим Жуманазарова

75 кг чейин — Айпери Медет кызы

Башкы машыктыруучу — Нурбек Изабеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 375
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу