Бөлүмдөр
Жума, 22-сентябрь
68.5    82.24    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

Фоторепортаж - Филармония тараптагы жер алдындагы өтмөк 39 жылдан кийин оңдолду

Turmush -  Бишкек шаарындагы Чүй жана Манас көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан жер алдындагы өтмөк оңдоо иштеринен кийин 11-сентябрда салтанаттуу ачылды. Мэриянын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, иш-чарага шаар жетекчиси Албек Ибраимов жана шаардыктар, меймандар катышты.

Аталган өтмөк 1978-жылы курулган. Ошол мезгилден бери капиталдык оңдоодон биринчи жолу өткөрүлдү. Өтмөктүн ичине курулуш каражаттарын суудан коргоочу жана желдетүү системалары орнотулуп, кире беришинин үстү айнек менен жабылды. Ал эми, жерге улуттук оймолор түшүрүлгөн кызыл жана боз өңдөгү таш (гранит) төшөлдү. Ошондой эле, ичи жарыктандырылып, соода дүкөндөрү оңдоодон өткөрүлүп, даараткана өтмөктүн сыртына курулду. Бирок, шаардын айрым тургундары өтмөктөн жаш балдар салынган араба менен өтүү ыңгайсыз экенин айтышты.

Мэрия өтмөккө октябрь айында атайын электрдик тирегичтерди орнотуп, аны менен мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга шарт түзүүнү пландап жатат.

«Юридикалык жак бул жерде соода кылган ишкерлердин эсебинен уюштурулду. Соода кылуучу орундардын саны кыскартылган жок», - деди шаар жетекчиси А.Ибраимов.

Өтмөктөгү соодагерлер ушул жумадан тарта иштеп башташат. 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 404
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу