Бөлүмдөр
Жума, 22-сентябрь
68.5    82.24    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

Жогорку сотко ок алып кирген аял аны тумар катары алып жүрөрүн билдирди

Turmush -  8-сентябрда Кыргызстандын Жогорку сотуна ок алып кирүүгө аракет кылган Россиянын жараны (аял) аны тумар катары алып жүрөрүн билдирди. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, 8-сентябрда соттун имаратындагы адамдарды текшерүү учурунда Россиянын паспорту бар аялдын баштыгынан 7,62 калибрдеги ок табылган. Улуттук гвардиянын жоокерлери аны кармап, тийиштүү органдын кызматкерлерине өткөрүп берген. Ал аял мурда соттук процесске катышуу үчүн келип жүргөн. 8-сентябрда Жогорку соттун соттук актын алуу үчүн келген. Анын 2-топтогу майып экени такталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1422
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу