Бөлүмдөр
Ишемби, 25-ноябрь
69.75    82.62    1.19    KZT 0.21
Баракелде

Бишкекте таанышынын акыркы үлгүдөгү телефонун бербей жүргөн аял кармалды

Turmush -  Свердлов РИИБдин кызматкерлери алдамчылыкка шектелген аялды кармады, деп билдирет Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы.

Маалым болгондой, Бишкек шаарынын тургуну милицияга кайрылып, ушул жылдын июнь айында алдамчылык жол менен «iPhone-7» үлгүсүндөгү уюлдук телефонун алган чала таанышына чара колдонууну өтүнгөн.

Свердлов РИИБдин кызматкерлери аталган кылмышка шектүү делген 28 жаштагы К.К.ны кармашкан.

Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга камалып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 675
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
18:21,   23.11.2017   ( 1 адам окуп жатат)
×