Бөлүмдөр
Ишемби, 25-ноябрь
69.75    82.62    1.19    KZT 0.21
Баракелде

Кыргызстандык Денис Петрашов сууга сүзүү боюнча Азия чемпионатында алтын медаль утту

Turmush -  Кыргызстандык спортчу Денис Петрашов сууга сүзүү боюнча Азия чемпионатында алтын медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган чемпионатта кыргызстандык үч спортчу байгелүү орундарды алды. Ал 6-сентябрда башталып, 8-сентябрь күнү кыргызстандык спортчулар сууда сүзүштү. Жаштар арасында сууга сүзүүнүн брасс түрү боюнча 100 метр аралыкка олимпиада оюндарынын катышуучусу кыргызстандык Денис Петрашов катышып, 1 мүнөт 2,62 секунд жыйынтыгы менен алтын медалды багындырды.

Чоңдор арасында сууга сүзүүнүн брасс түрү боюнча 50 метр аралыкка Кирилл Вайс чыгып, 28, 58 секунд убакытта келип, Кыргызстан үчүн жаңы рекорд коюп, күмүш медаль алды. Ал эми, Влад Шулико аталган турнирде 50 метр аралыкка сууга сүзүүдө күмүш байгенин ээси болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1497
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×