Бөлүмдөр
Ишемби, 25-ноябрь
69.75    82.62    1.19    KZT 0.21
Баракелде

Кыргызстандыктар Казакстанда өткөн тогуз коргоол боюнча дүйнөлүк чемпионатта 7 медаль утушту (фото)

Turmush -  Кыргызстандык спортчулар Казакстандын Астана шаарында өткөн тогуз коргоол боюнча дүйнө чемпионатында 7 медалга ээ болушту.

Тогуз коргоол федерациясынын басма сөз кызматы маалымдагандай, чемпионатка 20дан ашык өлкөнүн спортчулары катышып, Кыргызстандын курама командасы жалпы эсеп боюнча 7 медалга ээ болду. Алардын ичинен Кубанычбек Ибрагимов тогуз коргоолдун блиц түрү боюнча алтын медаль алып, дүйнө чемпиону аталды. Ал эми рапид түрү боюнча күмүш мелалды Анарбек Жамакеев багындырса, Мадина Курманбекова коло медалга ээ болду.

Кыргызстандын спортчуларынын жыйынтыктары:

Алтын медаль

Кубанычбек Ибрагимов - блиц

Күмүш медаль

Анарбек Джамакеев - блиц жана рапид,

Сагынбекова Жаңыл - стандарт,

Коло медаль

Мамбеталиев Белек - стандарт,

Асейева Адина - блиц,

Курманбекова Мадина - рапид.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 799
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×