Бөлүмдөр
Жума, 22-сентябрь
68.5    82.24    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

Балбан кыз А.Тыныбекова машыктыруучу катары алгачкы сыйлыгын алды

Turmush -  Эркин күрөш боюнча Кыргызстан курама командасынын мүчөсү Айсулуу Тыныбекова машыктыруучу катары биринчи сыйлыгын алды.

4b42d325e5fa0ee9ea6d4b5d75d9354e

Маалым болгондой, ал Азиянын эки жолку чемпиону гана болбостон, жаштар арасындагы дүйнө чемпиону Айпери Медет кызынын жеке машыктыруучусу болууга да жетишти. Кыргызстандык балбан кыз Айпери Финляндиянын Тампер шаарында ушул жылдын август айында өткөн дүйнө чемпионатында 72 кг салмакка чейинкилер арасында күч сынашып, алтын медалды багындырган.

10-августта мурдагы премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Айсулуу Тыныбековага жана Айпери Медет кызына ыраазычылык баракчаларын тапшырды.

А.Тыныбекова социалдык түйүндөгү баракчасына: «Машыктыруучу катары алгачкы сыйлыгымды алдым. Спортчунун ийгилиги чоң жамааттын жасаган ишинен көз каранды. Бул албетте, каржылоо маселесин чечүү, медициналык көзөмөл, туура тамактануу, системалык машыгуу, каталардын үстүнөн иштөө, жакындарыңдын моралдык колдоосу жана күйөрмандарыңдын сүйүүсү», - деп жарыялады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 758
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу