Бөлүмдөр
Ишемби, 25-ноябрь
69.71    82.67    1.19    KZT 0.21
Баракелде

Кыргызстандык балбан А.Талантбеков Грециядагы дүйнө чемпионатта коло тагынды

Turmush -  Кыргызстандык балбан Акылбек Талантбеков Грециянын Афина шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча өспүрүмдөр арасындагы дүйнө чемпионатта коло тагынды.

Маалым болгондой, 5-сентябрда А.Талантбеков грек-рим күрөшү боюнча 76 кг салмактагылар арасында күчүн сынады. Ал катары менен 3 беттешти, тактап айтканда Эстония, Түркия, Украинанын балбандарын жыгып, жарым финалга чыккан. Бирок Акылбек аталган финалда ирандык балбанга жеңилип, 6-сентябрда коло медаль үчүн Финляндиянын спортчусу Отто Еемели Кетонен менен беттешти. Мелдештин жыйынтыгында Талантбеков 6:1 эсеби менен атаандашын утуп, 3-орунга ээ болду.

Өспүрүмдөр арасындагы дүйнө чемпионаттагы бул медаль грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасы үчүн алгачкы байге болуп калды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 770
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×