Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-июнь
Баракелде

Кичинекей шахматчы Чыңгыз Шри-Ланкадагы чемпионатта коло медаль алды

Turmush -  Кыргызстандык жаш спортчу Султай Чыңгыз Шри-Ланкада өткөн Батыш Азиянын шахмат боюнча чемпионатында колго медалга ээ болду.

Сhess-results.com басылмасы маалымдагандай, аталган чемпионат 4-сентябрдан 11-сентябрга чейин өтөт. Мелдештин алкагында кечээ, 5-сентябрда шахматтын рапид түрү боюнча турнир болду. Анда кыргызстандык жаш шахматчы Султай Чыңгыз 8 жашка чейинкилер арасында күч сынашып, 5 жолу жеңишке жетип, эки жолу утулду.

Турнирдин жыйынтыгында ал 7 турда 5 упай алып, коло медалды багындырды. Ал эми, шахматтын рапид түрү боюнча алтын медалды Шри-Ланканын спортчусу алса, күмүш медалга Бангладештин спортчусу ээ болду.

Рапид — ар бир оюнчуга бардык партия үчүн 10 мүнөттөн 1 саатка чейинки убакыт берилген шахматтын бир түрү. Тез же активдүү шахмат деген аталыштары да бар.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1950
Көп окулду
×