Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-июнь
Баракелде

Эсенкул Момункулов премьер-министрдин кеңешчиси болуп дайындалды

Turmush -  Момункулов Эсенкул Дүйшөнкулович премьер-министрдин кеңешчиси болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Сапар Исаков  кол койду.

Э.Момункулов 1978-жылы туулган. 2008-жылы Германиянын Гейдельбергск университетин бүтүргөн. 2012-жылы АКШнын Миннесота университетинде илимий изилдөөчү болгон.

Буга чейин 2011-жылы өкмөттүн аппаратынын аймактык башкаруу жана инспектордук-уюштуруу иштери бөлүмүндө эксперт болуп иштеген. 2013-жылы Президенттик аппаратта мамлекеттик жана аймактык башкаруу, кадрдык иштер боюнча инспектор болуп эмгектенген. Ошондой эле, 2015-жылы өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин коомдук кеңешчиси болгон. Акыркы убакта түрдүү инвестициялык долбоорлор менен иштеп келген.

 

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1804
Көп окулду
×