Бөлүмдөр
Жума, 22-сентябрь
68.5    82.24    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

УКМК: А.Бекназаровго жалган көрсөтмө берүү боюнча кылмыш иш козголду

Turmush -  Жалган көрсөтмө берүү фактысы менен Азимбек Бакназаровго карата кылмыш иш козголду. Бул тууралуу Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы бүгүн, 5-сентябрда билдирди.

Билдирүүдө айтылгандай, 15-августта Башкы прокуратура тарабынан А.Бекназаров менен Камчыбек Ташиев сүйлөшкөн аудиожазуу берилген. Анда эки саясатчы депутат Өмүрбек Текебаевдин сотунда анын пайдасына жалган көрсөтмө бергени тууралуу айтылган. Бул аудиожазуу буга чейин интернетке да тараган болчу.

Ошондой эле, УКМКга comment.kg маалымат сайтынын жетекчиси Раушан Айткулова кайрылып, Ө.Текебаев менен Дүйшөн Чотоновдун сотунда жалган көрсөтмө бергени үчүн А.Бекназаровго чара көрүүнү суранган.

УКМКнын басма сөз кызматы маалымдагандай, аталган аудиожазуу Казакстандын Алмата шаарындагы көз карандысыз изилдөө мекеменин адистери тарабынан тиешелүү текшерүүлөрдөн өткөрүлдү. Анын тыянагы менен Р.Айткулова тарабынан берилген аудиожазуудагы үн А.Бекназаровго тиешелүү экени жана ага монтаж жасалбаганы, оңдолбогону аныкталды.  

Учурда топтолгон материалдардын негизинде тергөө иштери башталды.

Ал эми Өмүрбек Текебаев 14-августта интернетте пайда болгон аудиожазуу монтаж жана жасалма экенин билдирген болчу.

Мурда маалымдалгандай, депутат Ө.Текебаевге КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 303-берененин 1-бөлүмү (коррупция) менен айып тагылган.

2017-жылы 25-февралда Башкы прокуратура Өмүрбек Текебаевге жана башка кызмат адамдарга карата россиялык бизнесмен Леонид Маевскийдин арызынын негизинде КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 303-берененин 1-бөлүмү (коррупция) жана 166-берененин 4-бөлүмүнүн 2-3-пункттары (алдамчылык) менен кылмыш иш козгогон.

Ө.Текебаев 26-февралга караган түнү Стамбулдан учуп келгенде «Манас» аэропортунан кармалып, камакка алынган болчу. Бул иш боюнча Кыргызстандын Түштүк Корея жана Вьетнамдагы мурунку элчиси Дүйшөнкул Чотонов дагы камакка алынган.

16-августта Биринчи май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулу Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев менен мурунку элчи Дүйшөн Чотоновго карата чыгарылган өкүмдү окуган. Сот экөөнү тең 3 жылга чейин мамлекеттик кызматта эмгектенүүгө тыюу салып, мүлкүн конфискациялоо менен 8 жылга эркинен ажыратты.

Бирок бул өкүм менен айыпталуучулар макул эмес. Алардын жактоочулары апелляциялык арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылган. Бүгүн, 5-сентябрда шаардык сот ишти карап баштайт.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1119
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу