Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Баракелде

Адамдарды согуш жүргөн өлкөлөргө жиберүүнү көздөгөн эркек киши кармалды (фото)

Turmush -  Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандарын Жакынкы Чыгыштагы согуш болуп жаткан мамлекеттерге жөнөтүү боюнча туруктуу канал түзүүнү көздөгөн деген эркек киши кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-августта Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинен билдиришти.

IMG_6432-1«Чет элдик жарандарды куралдуу конфликт болуп жаткан аймактарга жөнөтүү каналдарын алдын алуу жана бөгөт коюу, ошондой эле Кыргызстандын аймагында легалдашууга каршы күрөшүү боюнча контртеррористтик иш-чараларынын алкагында КМШ өлкөлөрүнүн биринин жараны кармалды. Ал бир топ кылмыштарды жасаганы үчүн өз өлкөсүндө расмий издөөгө алынган. Эл аралык террористтик уюмдун кармалган мүчөсү Кыргызстанда калып, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жарандарын Жакынкы Чыгыштагы мамлекеттерге жөнөтүү боюнча туруктуу канал түзүү максатын ишке ашыруу аракетин көргөн», - деп айтылат маалыматта.

Кармалган киши кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн компетенттүү органдардын өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 674
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×