Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 28-май
Баракелде

Голливуд актеру 12 өлкөнүн лидерлерин ак илбирсти сактоодо чечкиндүү чара кабыл алууга чакырды

Turmush -  Голливуд актеру Леонардо Ди Каприо социалдык тармактар аркылуу 12 мамлекеттин башчыларына кайрылып, «Ак илбирстерди сактагыла» петициясына кол коюуга чакырды. Анын бул чакырыгын 18 млн адам окуду.

«Ушул жылдын август айында Кыргызстанга 12 мамлекеттин лидерлери барышат. Ак илбирстерди сактоо үчүн чечкиндүү чараларды кабыл алып, петицияга кол коюуга чакырам», - деп жазды актер.

Бишкек шаарында 23-августтан 25-августка чейин өтө турган ак илбирс боюнча эл аралык форумга 12 өлкөнүн өкүлдөрү, илимий, эл аралык жана донордук мекемелердин лидерлери, ошондой эле бул маселеге кызыккан мамлекеттердин өкүлдөрү катышат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1078
Көп окулду
×