Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Баракелде

Видео - Германиялык Дэвид жумушуна Изар дарыясы аркылуу барат

Turmush -  Германиянын Мюнхен шаарынын 40 жаштагы тургуну Дэвид Бенджамин коомдук унаадан чарчап, акыркы 2 жылдан бери үйүнөн жумушуна чейин Изар дарыясы менен сүзүп барат, деп билдирет Metro басылмасы.

Маалыматка караганда, ал эртең менен жумушка кийүүчү костюму менен ноутбугун суу өтпөчү баштыгына салып, үйүнүн жанындагы аккан дарыя аркылуу жумушун көздөй сүзүп жөнөйт.

pri_48803209

pri_48803213

Бенджаминдин айтымында, сууда сүзүү мээнин чарчоосунан кутулткан. Ал дарыя аркылуу үйүнөн жумушуна чейин 2 чакырым аралыкты сүзүп өтөт. Ал эми, анын кийим салынган баштыгы суу үстүндө эс алууга жардам берет.

«Жумушка жеткенде суудан чыгып, денемди кургатам. Андан соң кийимдеримди кийип, кесиптештеримди күтүп отурам», - деди Бенджамин.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 572
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×