Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Баракелде

Баласын жасалма күбөлүк менен чек арадан алып өтүүгө аракет кылган кыргызстандык аял кармалды

Turmush -  «Чалдыбар унаа жолу» көзөмөл өткөрүү пунктунун кызматкерлери тарабынан кечээ, 8-августта кыргыз-казак чек арасынан 7 жаштагы баласын туулгандыгы тууралуу жасалма күбөлүк менен өткөрүүгө аракет кылган кыргызстандык аял кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 1987-жылы туулган Кыргызстандын Э.Э. аттуу жараны паспорттук көзөмөл пунктунан өтүү учурунда чек арачыларга Россияда берилген күбөлүктү көрсөткөн. «Чалдыбар унаа жолу» көзөмөл өткөрүү пунктунун чек арачылары текшерген учурда баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндө ата-энеси тууралуу маалыматтар дал келбегени аныкталган.

Кармалган аялдын айтымында, жолдошу баласын өлкөдөн чыгарууга уруксат бербегенине байланыштуу ал баласынын күбөлүгүн жасатып алган. Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган аял ИИМдин аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 466
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×