Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 28-май
Баракелде

Эскертүү: Өлкөдө 11-13-августта туруксуз аба ырайы күтүлөт

Turmush -  Кыргызстандын аймагында 11-августтан 13-августка чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт.

Кыргызгидрометтин эскертүүсү боюнча, 11-августта түнкүсүн жана күндүз айрым жерлерде, 12-августта көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолордо кар жаап, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

13-августта айрым райондордо жаан-чачын күтүлөт. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетип, абанын температурасы төмөндөйт. Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин, жайыттарда мал кармоону кыйындатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1492
Көп окулду
×