При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-август
68.74    80.76    1.16    KZT 0.21

Видео - Кыргызстандыктар айдын тутулушуна күбө болушту

Turmush -  Ош шаарынын тургундары кечээ, 7-августта саат 23:45те Айдын тутулушуна күбө болуп, тартылган сүрөттөрдү «Репортер» басылмасына жөнөтүшкөн. Мындан тышкары, бишкектиктер дагы Айдын тутулушун сүрөткө тартып алышкан.

Айдын тутулушу – Айдын Жердин көлөкөсүндө калган учурдагы көрүнүшү.

Ай толук бойдон же жарым жартылай Жердин көлөкөсүнө капталып калганда тутулат. Күндүн нуру Жердин атмосферасында сынгандыктан, тутулуунун чоң фазасында Ай кызгылт-күрөң түстө болуп көрүнөт. Айдын толук тутулуу фазасы 1 саат 40 мүнөткө созулат. Анткени Жердин көлөкөсү Айдын диаметринен чоң. Айдын тутулушу жыл сайын кайталанып турушу ыктымал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 847
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу