При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-август
68.74    80.76    1.16    KZT 0.21

Бишкекте кичи автобус оодарылып, 19 жаштагы кыз каза болду (фото)

Turmush -  Бишкек шаарындагы Масалиев жана Шералиев көчөлөрүнүн кесилишинде «Мерседес Спринтер» жана «Фольксваген Транспортер» үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол-транспорт кырсыгы болуп, анын кесепетинен 19 жаштагы кыз каза болду. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин Патрулдук милиция башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган жол-транспорт кырсыгы бүгүн, 8-августта эртең менен болгон.

Окуянын күбөлөрүнүн айтымында, «Фольксваген Транспортер» унаасынын 29 жаштагы айдоочусу Ш.И. жол чыракка карабай жүргөн. Мындан улам, 49 жаштагы К.А.нын башкаруусундагы «Мерседес Спринтер» кичи автобусу оодарылып кеткен. Айдоочулар алкоголдук ичимдик ичпегенин аныктоочу текшерүүдөн өтүп, экөө тең таза чыгышкан.

Азыркы тапта бул окуя боюнча иликтөө иштери башталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 783
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу