При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-август
68.74    80.76    1.16    KZT 0.21

Фото — Кыргыз тасмаларындагы эротика

Turmush -  Дүйнөлүк кинематографиядагы эротикалык ачык эпизоддор автордун көз карашы менен ар түрдүү ыкма менен көрөрмандарга сунушталат. Мындай мотивдерди кыргызстандык кинематографисттердин эмгектеринен дагы көрүүгө болот.

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун «Биринчи мугалим» тасмасынын негизинде тартылган тасма жаңы муунду алдыга сүрөп, билимдүү кылып тарбиялоо идеясына сугарат. Бирок, бул тасма экранга көптөгөн талаш-тартыштар менен чыккан. Режиссер Андрей Кончаловский 1965-жылы 22 жашында тарткан тасма ачык эпизоддор үчүн Мамлекеттик кино менен Компартиянын узакка созулган талашына кабылганы маалым.

Алтынай жаан учурунда дарыяга түшкөн учур. Алтынайдын ролунда — Наталья Аринбасарова.

фон

Алтынай

Болот Шамшиев режиссерлук кылган «Ак кеме» тасмасында дагы ачык эпизод көрсөтүлгөн.

Айылга өрт коюлган учурда жылаңач аял кол салгандардан качып бара жаткан учур

Ак Кеме
Бул аялдын ролун аткаруу үчүн актриса жок болгондуктан, режиссер жакынкы айылдардан ролду аткара алган кыздарды издеген. Ролду аткаруучуга тасма тартылган аянтта тартуучу топтон башка адамдар болбой турганын убадаланып, ал учурда эң чоң сумма болгон 25 рубль өлчөмүндө гонорар төлөнгөн.  

Мелис Убукеев режиссерлук кылган тасмаларда да ачык эпизоддорду көрүүгө болот. Анын «Манас ааламы» тасмасында жылаңач ат минген узун чачтуу кыздар Ысык-Көлдү кечип жүргөн кадрлар бар.

Манас ааламы

«Кыргызфильм» тарабынан 1989-жылы тартылган «Каардуу качкын» тасмасындагы көрүнүш. Режиссеру — Георгий Николаенко.

Неистовый беглец

 

Владимир Михайлов менен Александр Федоровдун «Байки о кино» китебиндеги сүрөттөр, маалыматтар колдонулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 22346
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу