Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 11-декабрь
69.75    81.86    1.18    KZT 0.21
Баракелде

Фото - Кыргызстанда жыл башынан берки сынактарды жеңип чыккан сулуулар

Turmush -  Кыргызстанда жыл башынан бери сулуу кыздар арасында ондогон сынактар уюштурулуп жатат. Адатта мындай чоң сынактарды жеңип чыгып, алдыңкы орундарга ээ болгон сулуулар эл аралык деңгээлдеги сынактарга катышууга укук алышат. Чет өлкөлөрдөгү ар кандай масштабдагы сынактарда дагы кыргызстандык сулуулар алдыңкы наамдарды алып келүүдө. Бирок, өлкөдөгү сулуулук сынактардын чыр-чатактар, нааразычылыктар менен коштолгону да жок эмес.

Республикалык деңгээлдеги сынактардын сап башында «Кыргызстан сулуусу 2017» сынагы болду деп айтсак болот. Бул сынакты жеңип чыккан 18 жаштагы Бегимай Карыбекова Кытайда өтүүчү «Дүйнө сулуусу-2017» сынагына өлкөнүн атынан катышып келүүгө мүмкүнчүлүк алган.

«Кыргызстан сулуусу 2017» сынагында вице-мисс аталган Гүлзада Исламбек кызы «Жер сулуусу 2017» эл аралык сынагына катышуусу мүмкүн.

Одессалык украин кызы Алиса Саросек бул жылы Кыргызстандын атынан «СССР курамында болгон өлкөлөрдүн Дубайдагы сулуулук ханышасы 2017» (Queen of USSR Dubai 2017) сынагына катышып, жеңүүчү болду.

Модель жана актриса Алина Пирматова Кыргызстандын атын «Азия сулуусу 2017» сынагына алып чыгып, жыйынтыгында «Дүйнөнүн жаш сулуусу» аталды.

Ал эми, «КМШ сулуусу» сынагына барган Айсулуу Абдыбакасова «Интеллект сулуу» наамына татыды.

Назик Сагынбекова Кыргызстандагы үй-бүлөлүү сулуу айымдардын арасындагы «Миссис Кыргызстан 2017» сынагында жеңүүчү аталды. 

Ал эми, 18 жаштагы Айгерим Бектенбаева «Кыргызстандын сулуусу» («Красавица Кыргызстана 2017») сынагында жеңүүчү болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5146
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×