Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Баракелде

ИИМде 6 кызмат түзүлүп, жетекчилер дайындалды (тизме)

Turmush -  Кыргызстандын Ички иштер министрлигинде өз алдынча 6 кызмат түзүлдү.

Министрликтен бүгүн, 4-августта маалымдалгандай, жаңы кызматтарды түзүү үчүн президент Алмазбек Атамбаевдин «Кыргыз Республикасындагы укук коргоо органдарын реформалоо системасындагы чаралар жөнүндө» жарлыгы чыккан.

Ошондой эле, жаңы кызматтардын жетекчилери дайындалды.

Жаңы түзүлгөн кызматтар жана алардын жетекчилери:

1. Криминалдык милиция кызматы, жетекчиси — Болпонов Нурмат Жумабекович;

2. Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы, жетекчиси — милициянын полковниги Араев Азамат Муратович;

3. Ички териштирүү кызматы, жетекчиси — милициянын полковниги Көчөрбаев Скандарбек Анатольевич;

4. Тергөө кызматы, жетекчиси — милициянын полковниги Үмөталиев Талантбек Жедигерович;

5. Экстремизм менен мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүүчү кызмат, жетекчиси — милициянын полковниги Бийбосунов Улан Мелсович;

6. Коомдук коопсуздук кызматы, жетекчиси — милициянын полковниги Асаналиев Сапарбек Тилекович.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 6571
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×