Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-февраль

При поддержке MegaCom

А.Атамбаевдин мурунку жан сакчысы Э.Мамбеталиевдин унаасынан мылтык, тапанча жана жасалма номур чыкты

Turmush -  Президент Алмазбек Атамбаевдин мурунку жан сакчысы Эркин Мамбеталиевдин унаасы айып төлөөчү жайга киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ, 15-февралда шаардын көчөлөрүнүн биринен айнектери караңгылатылган «Лексус-570» жана «Шевроле-Субурбан» үлгүсүндөгү унаалар токтотулган. Текшерүү учурунда аталган унаалардын документтери жок болуп чыккан. Ошондой эле, унаалардын ичинен мылтык, травматикалык тапанча жана жасалма мамлекеттик номур табылган.

«Куралдар алынып, протоколдор түзүлдү. Бул унаалардын бири Эркин Мамбеталиевге таандык», - деп айтылат маалыматта.

Э.Мамбеталиев А.Атамбаевдин мурунку жан сакчысы. Акаевдин жана Бакиевдин учурунда адам өлтүрүү боюнча соттолуп, апрель төңкөрүшүндө акталып чыккан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 994
Комментарии
Обсуждения закрыты
Эң кызыктуу
Учурда окулуп жатат
×