При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-апрель

Бишкекте карыялардын акчаларын, баалуу буюмдарын уурдап жүргөн деп шектелген аялдардын тобу кармалды (фото)

Turmush -  Бишкек шаарында өздөрүн Социалдык фонддун кызматкерлери деп атап, улгайган адамдардын акчасын жана баалуу буюмдарын уурдап жүргөн деп шектелген аялдардын тобу кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, алар пенсия курагындагы адамдарга жардам көрсөтүүнү сунуштап, өздөрүн Социалдык фонддун кызматкерлери деп тааныштырышкан. Андан соң, алардын ишенимине кирип, акчасын жана баалуу буюмдарын алып, изин жашырышкан.

Бул окуя боюнча оперативдүү иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда шектүү катары Чүй облусунун тургундары: 1981-жылы туулган Н.М., 2000-жылы туулган К.М. жана 1994-жылы туулган С.К. кармалды. Биринчи май РИИБдин тергөө бөлүмү КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесинин (алдамчылык) жана 164-беренесинин (уурлук) негизинде кылмыш иш козгоду.

Шектүүлөрдүн Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында башка кылмыштарга тиешеси такталып жатат.

Милиция кызматкерлери сүрөттөгү шектүүлөрдөн жапа чеккен жарандар болсо: 0778 75 00 05, 0553 102 631, 0705 774 377 телефон номурлары аркылуу билдирип коюуну өтүнөт.

1

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 636
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×