При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жекшемби, 28-май
67.95    76.27    1.2    KZT 0.22

«Республика – Ата Журт» партиясы Ө.Бабановду президенттикке талапкер кылып көрсөтөт

Turmush -  Жогорку Кеңештеги «Республика – Ата Журт» партиясы Өмүрбек Бабановду Кыргызстандын президентине талапкер кылып көрсөтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаев бүгүн, 14-февралда АКИpress агенттигине билдирди.

«Фракциянын расмий эмес жыйынын өткөрүп, бир добуштан партиянын лидеринин талапкерлигин көрсөттүк», - деди эл өкүлү.

Мурда маалымдалгандай, «Ак шумкар» партиясы республикалык конференциясында лидери Темир Сариевдин талапкерлигин президенттикке сунуштоо чечимин кабыл алышкан.

Кыргызстанда 2017-жылы президенттик шайлоо өтөт. Шайлоо күз айларына белгилениши мүмкүн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 858
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×