При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июль
68.85    80.21    1.17    KZT 0.21

Башкы прокуратура КСДПнын депутаты М.Исаковго кылмыш ишин козгоду

Turmush -  Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты Музаффар Исаковго (КСДП) карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси (коррупция) менен кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу бүгүн, 14-февралда прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен белгилүү болгондой, М.Исаков Жалал-Абаддын Сузак районундагы Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп турганда райондук Мамкаттоо жана архитектура кызматынын жоопкерчиликтүү адамдары менен жашыруун келишим түзгөн. Анын негизинде 2010-2015-жылдар аралыгында айыл чарба багытындагы 14,34 гектар жерди турак жай курууга уруксат берүү боюнча мыйзамсыз 315 токтом кабыл алынган.

Текшерүү учурунда жашоочулар жер тилкелерди 1,5-3 миң долларга чейин сатып алганын айтышкан. Бул ишти иликтөө УКМКга тапшырылды.

Ал эми, депутат бул тууралуу кабары жок экенин айтты.

«Менде бул тууралуу маалымат жок. Эртең менен жумушка барган эмесмин. Мүмкүн ошол жакка маалымат берип же телефон чалышкандыр», - деди Музаффар Исаков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1026
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу