При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Ишемби, 25-март

Т.Сарпашев Мамкаттоонун башчылыгынан бошотулду

Turmush -  Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашев ведомстволор аралык комиссия жыйынтык чыгарганга чейин кызматынан бошотулду.
ТС

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койду, деп билдирди өкмөттүн басма сөз кызматы.

Мурда маалымдалгандай, ведомстволор аралык жумушчу комиссия Башкы прокуратуранын Т.Сарпашевди кызматынан бошотуу тууралуу сунушунан кийин түзүлгөн.

Окуя тууралуу:

Башкы прокуратура 9-февралда премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун атына Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашевди ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу сунушун жиберген.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы маалымдагандай, мындай прокурордук чара көрүүгө Т.Сарпашевдин Бишкек шаарындагы Скрябин көчөсүнүн 45-45 а дарегинде жайгашкан кыймылсыз мүлктү камакка алуу боюнча шаардык райондор аралык сотунун 2014-жылдын 25-июнундагы чечимин жокко чыгаруу тууралуу жазуу түрүндөгү тапшырмасы негиз болду.

Маалыматта белгиленгендей, Мамкаттоо бул чечимди кассациялык түрдө даттануу үчүн Бишкек шаардык прокуратурасынан расмий билдирүү алган. Мындан тышкары, Т.Сарпашев тапшырма берип жаткан учурда шаардык райондор аралык сотунун 2014-жылдын 25-июнундагы чечими Бишкек шаардык сотунун 2016-жылдын 2-ноябрындагы чечими менен токтотулган.

Прокуратура органдары тарабынан камакка алынган кыймылсыз мүлк Максим Бакиевдин ишенимдүү өкүлү Ульяна Пакка таандык болгон.

«Мамкаттоонун жетекчиси Т.Сарпашев өзүнүн функционалдык милдеттерин жетишээрлик аткарбагандыктан жогорудагы мыйзам бузуу фактылары келип чыкты. М.Бакиевдин жана ага жакын адамдарга таандык мүлктөрдү мамлекетке кайтаруу коомчулуктун жана мамлекеттин көзөмөлүндө турганын билип туруп, ал 2016-жылдын 30-ноябрында Мамлекеттик каттоо кызматынын Бишкек шаардык башкармалыгына жазуу түрүндө тапшырма берген. Муну менен ал «Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө» мыйзамдын 14-беренесинин 4-пунктунда каралган жеке жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарына тиешелүү болгон чечимдерди даярдоодо жана кабыл алууда аларга укук ченемсиз артыкчылыктарды берүү тууралуу укук бузууларга жол берген», - деп айтылат Башкы прокуратуранын маалыматында.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 333
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×