При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июль
68.85    80.21    1.17    KZT 0.21

Президент А.Атамбаев УКМКнын төрагасы А.Сегизбаевди кабыл алды

Turmush -  Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 13-февралда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Абдил Сегизбаевди кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

1

Жолугушууда мамлекет башчысына өлкөдөгү азыркы кырдаал жана улуттук коопсуздукту камсыздоо иштери тууралуу маалымат берилди. А.Сегизбаев, президентке терроризм жана экстремизм менен күрөшүү чаралары, ошондой эле антитеррордук иш-чаралардын натыйжалуулугун арттыруу боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин иши жөнүндө айтып берди.

Андан тышкары, А.Атамбаев менен А.Сегизбаев өлкөнүн жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча иш-чаралар комплексин өркүндөтүү, анын ичинде террордук жана экстремисттик уюмдардын ишмердигин ашкерелөө жана бөгөт коюуга байланышкан иш пландарды талкуулашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 539
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу