Бөлүмдөр
Ишемби, 25-ноябрь
69.71    82.67    1.19    KZT 0.21
Баракелде

13-февралда көпчүлүк аймактарда кар жаайт

Turmush -  Эртең, 13-февралда Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы мүмкүн. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот, деп билдирди Кыргызгидромет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө
түнкүсүн -5...-10
күндүз -3...+2

Талас өрөөнүндө
түнкүсүн -5...-10
күндүз -3...+2

Ош жана Жалал-Абад облустарында
түнкүсүн -1...-6
күндүз 0...+5

Баткен облусунда
түнкүсүн -1...-6
күндүз 0...+5

Ысык-Көл облусунда
түнкүсүн -2...-7
күндүз 0...+5

Нарын облусунда
түнкүсүн -15...-20
күндүз -7...-12

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -6...-8 градус, күндүз -1...+1 градус болот.

Ош шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -2...-4 градус, күндүз +2...+4 градус болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1338
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×