При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Ишемби, 27-май
67.95    76.39    1.21    KZT 0.22

КММАда кыргыз тил кафедрасы уюштурулду

Turmush -  И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медицина академиясында кыргыз тили кафедрасы уюштурулду. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда аталган окуу жайдын басма сөз катчысы Абибилла Пазылов билдирди.

Анын айтымында, жаңы кафедранын башчысы болуп доцент Элмира Абдырасулова келген. Тиешелүү буйрукка академиянын ректору кол койду. 

«Буга чейин кыргыз тили сабагын окуткан мугалимдер окуу жайдын тилдер кафедрасынын курамында болчу. Болочок дарыгерлерге кыргыз тилин окутуунун деңгээлин өстүрүү үчүн кафедрага өз алдынча макам берилди», - деп айтылат билдирүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 516
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×