При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Ишемби, 27-май
67.95    76.39    1.21    KZT 0.22

Өкмөт Т.Сарпашевге байланышкан маселе иликтенгенден кийин чечим кабыл алат

Turmush -  Өкмөт Мамкаттоонун башчысы Тайырбек Сарпашевге байланышкан маселе тийиштүү тартипте иликтенгенден кийин чечим кабыл алат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ, 9-февралда Башкы прокуратура премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун атына Т.Сарпашевди ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу сунуш жибергенин жарыялаган.

«Т.Сарпашевге байланышкан сунуш Өкмөттүн аппаратына түштү. Учурда ал сунуш С.Жээнбековдун кароосунда турат. Т.Сарпашевдин Мамлекеттик каттоо кызматын жетектеши боюнча чечим маселе тийиштүү тартипте иликтенген соң кабыл алынат», - деп айтылат өкмөттүн билдирүүсүндө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 545
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×