Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-сентябрь
68.46    82.06    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

А.Эралиев дүйнөдөгү эң күчтүү балбандардын катарына кирди

Turmush -  Арсен Эралиев Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (United World Wrestling) тандоосу боюнча дүйнөдөгү эң күчтүү балбандардын арасында 5-орунду ээледи. Кечээ, 9-февралда Бириккен күрөш дүйнөсүнүн расмий сайтында Орусия, Франция, АКШ жана Австрияда өткөн эл аралык турнирдин жыйынтыгы боюнча жаңы рейтинг жарыяланды. Бирок, кыргызстандык спортчулар бул турнирлерге катышкан эмес.

Маалым болгондой, кыргызстандык спортчу 59 кг салмакка чейинкилер арасында күчтүү балбан деп табылып, 5-орунга жазылды. Арсен Эралиев Рио-2016 Олимпиадасында грек-рим күрөшү боюнча 5-орунду ээлеген.

АЭ

Ошондой эле, жаңы рейтинг боюнча ушул эле салмакка чейинкилер арасындагы 10-орунга кыргызстандык спортчу Каныбек Жолчубеков татыган. Ал учурда студенттер арасында Дүйнө жана Азия чемпиону.

Ал эми, 71 кг салмакка чейинкилер арасында Руслан Царев 15-орунду ээлеген. Студенттер арасында дүйнө чемпиону Эсен Асанов (75 кг салмакка чейин) күчтүү балбандардын арасында 20-орунду алса, Мурат Рамонов (130 кг салмакка чейин) 15-орунга ээ болгон.  

Айсулуу Тыныбекова жаңы рейтинг боюнча дүйнөдөгү эң күчтүү балбан кыздардын арасында 5-орунга татыганы маалымдалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 877
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу