Бөлүмдөр
Ишемби, 25-ноябрь
69.71    82.67    1.19    KZT 0.21
Баракелде

Доктор Стефанос Кареклас: Европа биримдигиндеги өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даярбыз

Turmush -  Европа биримдигинин «Кыргыз Республикасында мыйзам үстөмдүгүн орнотууга көмөктөшүү» долбоорунун жетекчиси, юридика илиминин доктору Стефанос Кареклас Кыргызстан үчүн жасаган иштери тууралуу айтып берди.

- Стефанос мырза, өзүңүз жетектеген долбоор тууралуу айтып берсеңиз? Эмне үчүн башка өлкөгө эмес, Кыргызстанга кайрылып калдыңыздар?

- Европа биримдиги менен Кыргыз Республикасынын кызматташтыгы 1990-жылдарда эле башталган. Ал эми 2013-жылы финансылык макулдашууга кол коюлган. Ал документтер укуктук мамлекетти калыптандыруу жана укукту бекемдөөгө жардам берүүгө арналган. Ушул макулдашуулардын негизинде пайда болгон долбоорду европалык уюмдардын консорциуму- GIZ Германиялык эл аралык кызматташтык уюмунун жетекчилиги ишке ашырып келет.

Биз бир нече компоненттер менен иш жүргүзөбүз. Мыйзамдарды иштеп чыгууга жардам, консультация берүү иштеринен тышкары стратегиялык программанын үстүнөн иштеп жатабыз. Ал сот системасын 2017-2020-жылдар аралыгында өнүктүрүүгө арналган. Мындан сырткары сотторду башкаруу, алардын менеджменти, IT технологиялар, электрондук укук коргоо менен да иштешебиз.

Биз судьяларды, жактоочуларды жана прокурорлорду окутуучу үч окуу борбору менен да активдүү иштешебиз. Дагы бир субкомпонентибиз мыйзам жазуунун техникасына арналган.

Биздин талап — ар бир компонент боюнча Европадан негизги эксперт болушу керек, ал улуттук эксперт менен бирдикте иштешет.

Ишибиздин дагы бир бөлүгүндө адвокатура менен кызматташабыз. Кыргызстандын адвокатурасы биздин долбоор иштеп баштагандан кийин түзүлгөн.

Биз Жогорку соттун басма сөз кызматы менен да тыгыз кызматташабыз, бирге көп иш-чараларды өткөрдүк. Алдыда дагы толук бир жылдык план бар.

- Сиздер сот системасында ушу убакытка чейин кандай реформаларды ишке ашырдыңыздар? Ал эми 2017-2020-жылдар аралыгында конкреттүү кандай иштерди аткарууну алдыга коюп жатасыздар?

- Биз Кыргызстанда иштей баштаганда абдан таң калганыбыз — сот системасы Юстиция министрлигине таптакыр тиешеси жок экен. Ал эми өнүккөн Европа өлкөлөрүндө жана Америкада да Юстиция министрлигинин сот системасына түз тиешеси бар. Көзөмөл кылуу жана кадрдык маселелерде министрлик түздөн-түз сот мекемелери менен иштешет. Бирок анда сот системасы жана судьялар эле каралган. Бул демек, аткаруу бийлиги менен прокуратура бул документтен тышкары дегенди билдирет.

Ал эми убакыт аралыктары тууралуу айтсак, буга чейин 2014-2017-жылдар аралыгында биринчи стратегиялык документ иштеди. Азыр ушунун негизинде эле кийинки үч жылдыкка карата да экинчи стратегиялык документти жумушчу тобу иштеп жатат.

Эми биринчи кабыл алынган документтин маңызына келсек, ал көбүнчө техникалык мүнөзгө ээ. Анда канча имарат керек, кандай эмерек зарыл, имараттарды жабдуу боюнча көңүл бурулган. Ал эми алдыдагы документте болсо иштин маңызы негизин түзөт.

- Бирок, биздин эл сот реформасынын жүрүп жатканы көрүнбөй жатат, ал качан натыйжасын берет деп нааразы болуп жатпайбы. Айтыңызчы, биздин сот системасы качан көз карандысыз болот? Сот реформасынын жемишин качан көрө баштайбыз?

- Биз демократиялык принциптерге ылайык өзгөрүүлөрдү сунуш кылып, алардын моделин иштеп чыга да алабыз. Ар дайым европалык моделдер боюнча жалпы дүйнө таанымды кеңейтүүгө да аракет кылабыз. Кайсынысын кабыл алууну ар бир өлкө өзү чечет. Биздин долбоордун бюджети 13 млн евро. Мен жетектеген долбоор үчүн 9,5 млн евро бөлүнгөн. Калган сумма 4 башка долбоорлорду ишке ашырууга бөлүнгөн.

- Сиз Кыргызстанда иштеген эки жыл ичинде биздин сот системасынын абалы кандай өзгөрдү? Судьялардын көз караштары канчалык өзгөрдү деп ойлойсуз?

- Кыргызстандын Жогорку сотунун судьялары компетенттүү деп белгилей алам. Булар мөөнөтү аяктаганга чейин иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээ. Ал эми жергиликтүү соттун судьялары алгач беш жылга дайындалышат, кийин кайра сынактан өтүүсү зарыл. Эгер судьялар башынан таза, сабаттуу жана сапаттуу тандалса, алардын карьера жасашына да жол ачылат. Биздин долбоордун негизги максаты — Кыргызстанда мыйзамдын үстөмдүгүн орнотууга көмөк көрсөтүү. Кыргызстан жакшы реформалардын үстүндө иш жүргүзүп жатат. Биз кыргыз мамлекети тандап алган долбоорлорду колдоого даярбыз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 677
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×