При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-апрель

Шашылыш эскертүү: 12-февралга чейин тоолуу аймактардагы унаа жолдордо кар көчкү коркунучу бар

Turmush -  Бүгүн, 10-февралдан тарта 12-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу унаа жолдордо кар көчкү коркунучу бар.

ӨКМ эскерткендей, республиканын тоолуу райондорунда, Бишкек—Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), 351-365-чакырымдарында (Көк-Бел ашуусу), Мырза-Аке—Кара-Кулжа—Алайкуу унаа жолунун 65-90-чакырымдарында, Ала-Бука—Каныш-Кыя унаа жолунун 65-90-чакырымдарында, Красная Горка—Ак-Таш унаа жолунун 1-9-чакырымдарында, Казарман—Актал-Чат унаа жолунун (Кара-Көө ашуусу) 67-94-чакырымдарында (Ийри-Суу тилкесинин 42-44-чакырымы), Арал—Миң-Куш унаа жолунун 1-10-чакырымдарында, Каракол—Эңилчек унаа жолунун 45-92-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) жана Барскоон—Ак-Шыйрак унаа жолунун 60-68-чакырымдарында (Барскоон, Сөөк ашуулары) кар күрткү жана көчкү түшүү коркунучу сакталат. Жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык чектелиши зарыл.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 352
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
17:15,   21.04.2017   ( 1 адам окуп жатат)
×