При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Ишемби, 27-май
67.95    76.39    1.21    KZT 0.22

«Эркин Тоо» гезитинин башкы редактору болуп Д.Керимбаев дайындалды

Turmush -  Өкмөткө караштуу «Эркин Тоо» гезитинин башкы редактору болуп Керимбаев Дыйканбек Качкынбаевич дайындалды. Жаңы жетекчини жамаатка Маалымат жана массалык коммуникациялар департаментинин директору Бактыгүл Норузбаева тааныштырды.

Кызматка дайындоо жөнүндөгү буйрукка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койгон, деп билдирди Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы.  

Д.Керимбаев 2016-жылдан бери «Эркин Тоо» гезитинде башкы редактордун биринчи орун басары болуп эмгектенип келген.

Н

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 787
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×