При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Ишемби, 27-май
67.95    76.39    1.21    KZT 0.22

Авиакырсыктан жабыркагандар үчүн ӨКМ ачкан эсептеги акча 77,1 млн сомго жетти

Turmush -  Бүгүн, 9-февралда саат 15:00гө карата ӨКМ авиакырсыктан жабыркагандар үчүн ачкан атайын эсепке 77 млн 138 миң 944 сом которулду. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.  

Учурда акчалай жардамдарды кабыл алуучу эсеп ачык. Өкмөт 1-февралга чейин чогулган гуманитардык жардамдар 11-февралдан тарта жабыркагандарга бөлүштүрүлө турганын маалымдаган.  

Гонконг—Бишкек—Стамбул каттамындагы учак 16-январда саат 07:17 чамасында «Манас» аэропортуна жакын аймактагы үйлөрдүн үстүнө кулап түшкөн. Анын кесепетинен 39 адам каза болуп, 23 үй талкаланды. Каза болгондордун төртөө экипаждын мүчөлөрү, калганы жергиликтүү тургундар болгон. Көз жумгандардын арасында 4 ай мурун төрөлгөн наристе жана эки кош бойлуу келин бар. Айрымдар авиакырсыктан бүт үй-бүлөсүн жоготту.

Тема боюнча:

16.01.2017Видео - Дача-Сууда учак кулаган жерден тартылган сүрөттөр
16.01.2017АКИ-TV: Дача-Сууда учак кулаган жерден тартылган видео
17.01.2017Авиакырсыктан каза болгон 38 адамдын тизмеси
17.01.2017Фото - Авиакырсыктан көз жумган 8 айлык кош бойлуу Наргиза Кожоналиева 3-4 күн мурун декреттик өргүүгө чыккан
18.01.2017Фото - Авиакырсыктан каза болгон С. Батыровдун денеси Өзгөндө жерге берилет
18.01.2017Фото - Авиакырсыктан каза болгон Н.Кожоналиева ичиндеги 8 айлык наристеси менен жерге берилди
19.01.2017Фото, видео - 30 жаштагы З.Орозбаев авиакырсыктан апасы, карындашы, иниси, уулу жана таежесинен айрылды
22.01.2017Авиакырсыктан кош бойлуу жубайы, 2 уулу каза болгон 29 жаштагы С.Рахманов ооруканада көз жумду (фото)
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 494
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×