Бөлүмдөр
Жума, 22-сентябрь
68.5    82.24    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

Бишкекте №1 абактагы айыпкер нааразычылык билдирип, оозун тигип алды (фото)

Turmush -  Бишкектеги №1 абакта жаза өтөп жаткан Рахимжан Бурадинов аталган тергөө абактагы кызматкерлердин мамилесине каршы экенин билдирип, оозун тигип алды.

Анын жакындарынын айтымында, Р.Бурадинов №3 абактан №1 тергөө абакка мыйзамсыз которулган.

«Аны Бишкек шаарынын Свердлов районунун соту каракчылык үчүн 10 жылга эркиндигинен ажыраткан. Жаза мөөнөтүн №3 абакта өтөөсү белгиленген. Бирок, бир жума мурун эч себепсиз №1 абакка которушту. Ошондой эле, Рахимжан СПИДге чалдыккан. Бул абакта дарылоо иштери да жүргөн жок. Ал дайыма дары-дармектерди колдонуп турушу керек. №3 абакта дары-дармек берип турушчу. Мындан тышкары, сен сырттан бир нерсе алдың деп, аны дайыма аңтарып турушат экен. Рахимжан эч нерсе албаганын айтып жатат», - деди Р.Бурадиновдун жакындары.  

Учурда Р.Бурадиновдун оозу тигилүү.


1

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1856
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу