Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-сентябрь
68.46    82.06    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

Башкы прокуратура өкмөт башчыга Мамкаттоонун жетекчиси Т.Сарпашевди кызматтан бошотууну сунуштады

Turmush -  Башкы прокуратура премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун атына Мамлекеттик каттоо кызматынын  төрагасы Тайырбек Сарпашевди ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу сунушун жиберди. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, мындай прокурордук чара көрүүгө Т.Сарпашевдин Бишкек шаарындагы Скрябин көчөсүнүн 45-45 а дарегинде жайгашкан кыймылсыз мүлктү камакка алуу боюнча шаардык райондор аралык сотунун 2014-жылдын 25-июнундагы чечимин жокко чыгаруу тууралуу жазуу түрүндөгү тапшырмасы негиз болду.

Маалыматта белгиленгендей, Мамкаттоо бул чечимди кассациялык түрдө даттануу үчүн Бишкек шаардык прокуратурасынан расмий билдирүү алган. Мындан тышкары, Т.Сарпашев тапшырма берип жаткан учурда шаардык райондор аралык сотунун 2014-жылдын 25-июнундагы чечими Бишкек шаардык сотунун 2016-жылдын 2-ноябрындагы чечими менен токтотулган.

Прокуратура органдары тарабынан камакка алынган кыймылсыз мүлк Максим Бакиевдин ишенимдүү өкүлү Ульяна Пакка таандык болгон.

«Мамкаттоонун жетекчиси Т.Сарпашев өзүнүн функционалдык милдеттерин жетишээрлик аткарбагандыктан жогорудагы мыйзам бузуу фактылары келип чыкты. М.Бакиевдин жана ага жакын адамдарга таандык мүлктөрдү мамлекетке кайтаруу коомчулуктун жана мамлекеттин көзөмөлүндө турганын билип туруп, ал 2016-жылдын 30-ноябрында Мамлекеттик каттоо кызматынын Бишкек шаардык башкармалыгына жазуу түрүндө тапшырма берген. Муну менен ал «Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө» мыйзамдын 14-беренесинин 4-пунктунда каралган жеке жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарына тиешелүү болгон чечимдерди даярдоодо жана кабыл алууда аларга укук ченемсиз артыкчылыктарды берүү тууралуу укук бузууларга жол берген», - деп айтылат Башкы прокуратуранын маалыматында.

Ал эми, Т.Сарпашев Tazabek басылмасына бул тууралуу маалыматы жок экенин билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1651
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу