Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-сентябрь
68.46    82.06    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

Кытайлык бизнесмен банкрот болгондон кийин ойношунан төрөлгөн уулун сатып жиберген

Turmush -  Кытайдагы Цзянси провинциясынын тургуну өзүнүн аялынын карызын төлөө үчүн, ойношунан төрөлгөн  уулун сатты. Бул тууралуу Sina басылмасы жарыялады.

Маалыматка караганда, буга чейин 34 жаштагы Чэнь ишкердик менен алектенчү. Ал 2012-жылы никеде турган аялынан уулдуу болгон. Кийинчерээк ойнош күтүп, 2014-жылы ойношу уул төрөгөн.   

Маалым болгондой, Чэнь материалдык көйгөйлөргө кабылып, бир нече дүкөндөрүн сатууга мажбур болгон. Анын үй-бүлөсү да чоң суммада карызга баткан. Оор каржылык абалдан улам ишкер ойношунан төрөлгөн уулун каржылай албай, багып алууну каалаган башка үй-бүлөгө берүүнү пландаган. Бирок, анын ойношу бул сунуштан баш тарткан.   

2016-жылдын октябрь айында көп карыздан улам Чэндинин мыйзамдуу аялы өз өмүрүнө кол салууга аракет жасаган. Андан улам Чэнь интернет аркылуу ойношу төрөп берген уулун 6,4 миң долларга сатып жиберген. Анын 3,4 миң долларын карыздарды жабуу үчүн аялына берип, арткан акчаны өзүнө калтырган.

«Ал өзүнүн аялын жана биринчи баласын сүйөөрүн айткан», - деп айтылат маалыматта.

Ишкердин кылмышы ачыкка чыгып, милиция кызматкерлери сатылып кеткен баланы өзүнүн энесине кайтарышкан. Ал эми, Чэнге кылмыш иши козголгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1583
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу