Turmush — Эртең, 17-январда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында биринчи жолу жергиликтүү кеңештердин аял-депутаттарынын слёту өтөт.
Биринчи слёт учурунда катышуучулар 2015-2016-жылдардагы жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жыйынтыктарын, андан алынган сабактар, шайлоого катышуу процессиндеги тоскоолдуктар жөнүндө маселелерди биргелешип чечүү жолдорун талкуулашат.
Бул иш-чарага жергиликтүү кеңештердин аял-депутаттары, Жогорку Кеңештин депутаттары, Президенттин жана Өкмөттүн аппаратынын өкүлдөрү, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер мамлекеттик агенттиги (ЖӨБЭММА), Борбордук шайлоо комиссиясы, БУУ агенттиктери, эл аралык уюмдар жана жарандык коомчулук катышат.
Мыйзам тарабынан гендердик квоталарды талкуулоо жана колдоо маселелеринен тышкары катышуучулар аялдардын жана кыздардын абалын жакшыртууга багытталган мыйзамдардын аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ, жергиликтүү кеңештердеги аял-депутаттардын иши боюнча конкреттүү кадамдарды иштеп чыгуу пландаштырылды.
Акыркы жыйырма жылда айылдык кеңештердин депутаттарынын арасында аялдардын санынын төмөндөөсүнүн туруктуу тенденциясы байкалууда. 2004-жылы 19% аялдар шайланган, 2008-жылы - 17%, 2012-жылы – 12%. 2012-жылы 70 айылдык кеңеште, башкача айтканда ар бир алтынчы айылдык кеңеште бир дагы аял шайланган эмес. Бүгүнкү күндө мандаттарды резервге коюунун курч зарылчылыгы бышып жетилүүдө, алар айылдык кеңештердин депутаттык корпусунда аялдардын 30%дан кем эмес деңгээлде болушун, аны менен бирге аялдардын катышуусунун эсебинде айылдык кеңештердин ишинде социалдык-маанилүү маселелерди, балдардын, кары адамдардын жана башка аялуу топтордун кызыкчылыктарын камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Бул өз кезегинде коомчулукта социалдык чыңалууну жоюуга жана өлкөнүн тынч өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт.