Бөлүмдөр
Жума, 22-сентябрь
68.5    82.24    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

Бишкекке кайрадан мэр болуп шайланган А.Ибраимов 6 баланын атасы (эмгек жолу)

Turmush -  Бүгүн, 11-январда Бишкек шаарынын мэри болуп кайрадан Албек Ибраимов шайланды.

Буга чейин эки талапкер: А.Ибраимов (көпчүлүк коалиция) жана Нурдин Абдылдаев («Өнүгүү-Прогресс») катталган. Шайлоого шаардык кеңештеги 45 депутаттын ичинен 43 эл өкүлү катышты. Бардык бюллетендер жарактуу деп табылып, Албек Ибраимовдун талапкерлигин 29 депутат, Нурдин Абдылдаевди 12 депутат колдоду. Ал эми 2 депутат барына каршы добуш берген.
А.Ибраимов 1967-жылы 1-июнда Фрунзе шаарында төрөлгөн. Улуту кыргыз, үй-бүлөлүү, 6 баласы бар.
Билими:

- Фрунзе шаарындагы №58 орто мектепти аяктаган;
- 1994-жылы Бишкек коммерциялык колледжди;
- 1998-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университеттин (азыркы КУУ) экономика факультетин бүтүргөн.
Эмгек  жолу:

- 1987-1989-жылдары «Тяжэлектромаш» заводунда слесарь-механикалык бөлүмүндө мастер;

- 1989-1991-жылдары Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн;

- 1992-1996-жылдары «Илбирс» ААКта жөнөкөй жумушчу, кийин жетекчи;

- 1997-2001-жылдары «Кыргызавтомаш» ААКтын коммерциялык бөлүмдүн директору;

- 2002-2004-жылдары «Кыргызавтомаш» ААК аткаруучу директору;

- 2005-2006-жылдары Өнөр жай, соода жана туризм министринин кеңешчиси;

- 2006-2010-жылдары жеке ишкер;

- 2010-2011-жылдары «Бишкек» эркин экономика компаниясынын башкы директору;

- 2011-2012-жылдары «Дастан» ТУК ААК башкармалыгынын төрагасы;

- 2012-2013-жылдары Президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары;

- 2013-2016-жылдары «ЭМА» ААК башкармалыгынын төрагасы, директорлор кеңешинин төрагасы;

- 2016-жылдын февралында Бишкек шаарынын мэри болуп дайындалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2438
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу