Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-январь

При поддержке MegaCom

А.Ибраимов кайрадан Бишкектин мэри болуп шайланды

Turmush -  Бишкек шаарынын мэри болуп кайрадан Албек Ибраимов шайланды. Шайлоо бүгүн, 11-январда өттү. Буга чейин эки талапкер: А.Ибраимов (көпчүлүк коалиция) жана Нурдин Абдылдаев («Өнүгүү-Прогресс») катталган.

Шайлоого шаардык кеңештеги 45 депутаттын ичинен 43 эл өкүлү катышты. Бардык бюллетендер жарактуу деп табылып, Албек Ибраимовдун талапкерлигин 29 депутат, Нурдин Абдылдаевди 12 депутат колдоду. Ал эми 2 депутат барына каршы добуш берген.

Мэрди шайлоого 30дан ашык депутат катышып, талапкерлердин бири 23төн ашык добуш топтосо шайлоо өттү деп эсептелет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1453
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Эң кызыктуу